Ажалга арачы донорлор — ажат ачкан адамдар

© Фото / Айнагүл Сапарбек кызыКан тапшырып жаткан адамдын архивдик сүрөтү
Кан тапшырып жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын облустары тургай, борбор калаа Бишкекте да кан таңсыктыгы бар.

Кыргызстанда 30-сентябрга чейин ыктыярдуу түрдө кан тапшыруу акциясы жүрүп жатат. Sputnik Кыргызстан донорлук жана кан запастары туурасындагы маселеге кызыгып көрдү.

Продажа самого большого торта в истории Кыргызстана на Старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы эң чоң торт Бишкектин борборунда сатылып жатат
Негизи өлкө учурда кан донорлорунун санын жогорулатуу аракетинде. Эгемендик алгандан бери бул көрсөткүч кескин төмөндөп, ар бир миң кишиге алты гана донор туура келип калган. Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун стандарттарына ылайык, миң жаранга кырк донор туура келиши керек.

Республикалык кан куюу борборунун башкы директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиева өлкөдө донорлордун санын жогорулатуу, жарандардын эч чочулабастан, ыктыярдуу түрдө кан тапшырууга жандантуу үчүн шарттарды жаратуу аракети күч экендигин айтат.

"2015-жылы кырк эки миң донор келген. Андан бир жыл мурун эле он миңге аз эле. Донорлордун санын өстүрүүдө туруктуу жана ыктыярдуу донорлордун санын жогорулатууну максат кылабыз", – деп билдирди Сатыбалдиева.

© Фото / Айнагүл Сапарбек кызыКыргызстанда 30-сентябрга чейин ыктыярдуу түрдө кан тапшыруу акциясы жүрүп жатат
Кыргызстанда 30-сентябрга чейин ыктыярдуу түрдө кан тапшыруу акциясы жүрүп жатат - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кыргызстанда 30-сентябрга чейин ыктыярдуу түрдө кан тапшыруу акциясы жүрүп жатат
© Фото / Айнагүл Сапарбек кызыДонордун кан тобу жана гемоглабин көрсөткүчү текшерилет
Донордун кан тобу жана гемоглабин көрсөткүчү текшерилет - Sputnik Кыргызстан
2/3
Донордун кан тобу жана гемоглабин көрсөткүчү текшерилет
© Фото / Айнагүл Сапарбек кызыЖумуштан талап кылынса, эки күнгө чейин уруксат берилчү тастыктама жана жол киреңиз берилет.
Жумуштан талап кылынса, эки күнгө чейин уруксат берилчү тастыктама жана жол киреңиз берилет. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Жумуштан талап кылынса, эки күнгө чейин уруксат берилчү тастыктама жана жол киреңиз берилет.
1/3
Кыргызстанда 30-сентябрга чейин ыктыярдуу түрдө кан тапшыруу акциясы жүрүп жатат
2/3
Донордун кан тобу жана гемоглабин көрсөткүчү текшерилет
3/3
Жумуштан талап кылынса, эки күнгө чейин уруксат берилчү тастыктама жана жол киреңиз берилет.

Өлкө боюнча республикалык борбордон сырткары, алты облустук кан борбору иштейт. 

"Эритроциттердин сакталыш мөөнөтү абдан төмөн – бир ай гана, ал эми тундурмаларды (плазмалар) алты айдан бир жылга чейин сактай алабыз", — деди Сатыбалдиева. 

Анткен менен айрым учурда аймактар тургай, борбор калаада да кан таңсыктыгы жаралат экен. 

"Айрыкча жайында – эл эс алууга чыкканда, орозо учурунда, студенттер каникулга тараган кезде ушундай абалдарга тушугуп калабыз. Андай маалда туруктуу донорлор жардамга келет. Андан сырткары, борбордун көчмө тобу да чыгып, кан топтоп келет. Бишкектеги биздин борборго күнүнө 150 донор келип турса, муктаж болгондорду камсыз кылар элек", – дейт республикалык кан куюу борборунун башкы директорунун орун басары.

Ким кан донору боло алат?

Марафончулардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ден соолук боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 113-орунда турат
Сатыбалдиеванын айтымында, донорлордун чочулоосуна негиз жок. Кан алууда бардык медициналык жабдуулар бир гана жолу пайдаланылат. Жугуштуу ооруларды жугузуп алышына жол берилбейт. Ошондой эле донордон алынган кан абдан тыкыр текшерүүдөн өткөрүлөт.

18-60 жашка чейинки медициналык текшерүүдөн толук өткөн, терс көрсөткүчтөрү жок, саламаттыгы чың КР жарандары кан тапшыра алат. Ал эми чет өлкөлүк жарандар кан тапшырууга катталган кагазы жана медициналык кароодон өткөндө гана уруксат берилет.

Даярдык

  • Өздүк гигиенанын сакталышы
  • Туура тамактануу
  • Майлуу, ачуу, туздалган жана сүт азыктарын чектөө
  • Кан тапшыруу күнү таңда суусундук, мөмө-жемиш жана алардын кайнатма ширелерин, максым, чай ичүү зарыл.
  • Ачкарын тапшыра албайсыз.
  • Туруктуу донор болгуңуз келсе, ар бир эки айда кан тапшырасыз.

Кан донорлугуна каршы келген себептер

ВИЧ/СПИД, сарык, вирустук гепатит, кургак учук, бруцеллез, безгек, жүрөк, гипертониянын 2-3-баскычы, кант диабети менен ооругандар, аз кандуулуктан азап чегип жүргөндөр, ошондой эле оор операция жасалгандар кан тапшыра албайт.

Ал эми дене табы жогорулап, сасык тумоого чалдыккан адамдар донорлуктан убактылуу четтетилет. 

Кан тапшыруу үчүн кандай баскычтардан өтөсүз?

  • Паспортуңуз жаныңызда болушу шарт
  • Атайын анкета толтурасыз
  • Бармак учунан кан алынат
  • Донордун кан тобу жана гемоглабин көрсөткүчү текшерилет
  • Кан басымы текшерилет
  • Донорго кайрадан таттуу чай жана шоколад берилет
  • Бардык процедуралардан өткөн соң, каттоо журналына кол коесуз
  • Жумуштан талап кылынса, эки күнгө чейин уруксат берилчү тастыктама жана жол киреңиз берилет.
  • Кан тапшырып бүткөн соң, абалыңызда эч өзгөрүү деле болбойт.

Дарыгерлердин айтымында, муктаж адамдарды ажалдан арачалап калуу үчүн коомду ыктыярдуу донор болууга тарбиялоо – бүгүнкү күндүн талабы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0