БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Россиялык генетиктер жылан сыяктуу жана жааксыз балыктардын ДНКсынан өзгөчө гендерди табышты. Бул тууралуу РИА Новости Scientific Reports журналына шилтеме берип жазып чыкты.
Окумуштуулар бул жандыктардын генин изилдеп, алардын баш сөөгүнүн жана жаагынын эволюциялык жол менен пайда болушун аныктоого аракет кылышкан. Алардын баамында аталган жандыктар мындан 400-450 миллион жыл мурун океанды байырлаган.
Россиянын илимдер академиясынын биоорганикалык химия институтунун окумуштуусу Андрей Зарайскийдин айтымында эң байыркы омурткалуу жандыктарда Anf/Hesx1 гени болгон.
"Эң байыркы омурткалуу жаныбар катары эсептелген жылан сымал балыктын ДНКсынан Anf/Hesx1 гени табылды. Биздин пикир боюнча омурткалуу жаныбарлар менен адамдардын баш сөөгүндө мээнин пайда болушуна дал ушул ген тассир эткен", — деди Андрей Зарайский.
Россиялык генетиктердин айтымында 1992-жылы баканын эмбрионунун ДНКсында Xanf гени бар экендиги аныкталган. Аталган ген түйүлдүктүн алдыңкы бөлүгүнүн, мээнин жана беттин өсүп-өнүгүшүнө жардамдашат. Бирок ошол учурда окумуштуулардын билдирүүсү колдоого алынган эмес. Себеби жылан сыяктуу балыктар менен майда жандыктарда аталган ген табылган эмес.
Окумуштуулар изилдөөсүндө тиешелүү жыйынтык алуу үчүн алар арктикалык жылан сыяктуу балыктардын түйүлдүгүн колго өстүрүп, байкоо жүргүзүшкөн. Анда алар жандыктын баштын өнүгүү процессин байкашкан. Жыйынтыгында Anf/Hesx1 жана Xanf гендеринин структуралык жана иштөө принциптери окшош болгон.