Жаш хоккейчилер Казакстанда өткөн эл аралык мелдешке катышып келишти
Жаш хоккейчилер Казакстанда өткөн эл аралык мелдешке катышып келишти
Sputnik Кыргызстан
19унан 23-декабрга чейин Казакстанда кичинекей хоккейчилер арасында эл аралык турнир болуп өттү. Ага Кыргызстандын атынан 20 спортчу барган. 24.12.2016, Sputnik Кыргызстан
19унан 23-декабрга чейин Казакстанда кичинекей хоккейчилер арасында эл аралык турнир болуп өттү. Ага Кыргызстандын атынан 20 спортчу барган.
БИШКЕК, 24-дек. – Sputnik. Кыргызстандын "Бишкек" хоккей клубунун алты жаштан сегиз жашка чейинки спортчулары Казакстанда өткөн эл аралык турнирге катышып келишти. Бул тууралуу КРдин Хоккей боюнча федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов билдирди.
Анын айтымында, аталган турнирде жалпысынан 8 команда ат салышкан.
"Мелдеште биздин балдар тилекке каршы жеңишке жете албай калды. 8 команда бири-бири менен ат салышып, натыйжада 7-орунга ээ болдук. Бирок балдар ушуну менен гана токтоп калбайт. Көп тажрыйба алып кайтышты", — деди Жакыпов.