БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту күйүүчү май сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, аэропорт Аи-92, Аи-80 жана дизель майын сатып алуу үчүн 8 миллион 780 миң 360 сом сарптоого даяр.
Тендер 22-декабрда жарыяланып, мөөнөтү 12-январда аяктайт.