Бишкекте башкы балатыны жандырып, майрам алдында текшерүүдөн өтсө, АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп рэпер Канье Уэст менен жолугушту. Ал эми Россия президенти Владимир Путин япон журналисттерине Юмэ аттуу итин көрсөтсө, пуэрто-рикалык Стефани Дель Валле аалам сулуусу болуп калды.
Түркиянын Кайсери шаарындагы университетинин жанында жардыруу болуп, адам өмүрүнө забын болду. Ал эми президент Алмазбек Атамбаев Индияга аттанып кетсе, АКШда Дональд Трамп рэпер Канье Уэст менен жолукту.
"Дүйнө сулуусу" наамын жеңип алган пуэрто-рикалык Стефани Дель Валле кийинки орундарды ээлеген Доминикан Респубикасынын өкүлү Мигелина Рейес Рамирес жана индонезиялык Наташа Маннуэла менен. 18-декабрь, АКШ
Владимир Путин "Ниппон" телекомпаниясы менен "Иомиури" гезитинин журналисттери менен маектешүү алдында Юмэ аттуу итин көрсөттү. Президентке ит Акита япон префектурасынан 2012-жылы белекке берилген
АКШнын Санта-Моника шаарындагы Critics Choice Movie Awards сыйлыгын тапшыруу аземиндеги Ти Джей Миллер. Critics Choice Movie Awards же "Сынчылардын тандоосу" деп аталган кинопремия "Оскарга" "даярдануу" болуп саналат
Россиялык фигурист Евгения Медведева Марселде өткөн таймаштын финалын жеңип алды. Учурдагы дүйнө чемпиону бийи менен экинчи ирет баш байгени багынтып турган мезгили
"Тилектештик маршы" акциясы учурунда Түрк студенттен ымыркайлардын сөөгүн чагылдырган манекендерди алып келишти. Иш-чара Сириянын Алеппо шаарында барымтага алынган жарандарга колдоо көрсөтүү болуп саналат
Түркиянын Кайсери шаарында жайгашкан университеттин жанындагы жардыруу болгон жерде иш алып барган полиция кызматкери. Миналанган унаа жоокерлерди ташып бараткан автобустун жанына келгенде жарылып кеткен. Анын кесепетинен 13 адам каза болуп, 55 киши жаракат алган. Өлкөнүн премьер-министри Бинали Йылдырым терактыны жан кечти ишке ашырганын жар салды
Россия президенти Владимир Путин Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен Токидогу "Кодокон" деп аталган күрөш борборунда. Бул жерден дзюдонун салттуу ыкмалары көрсөтүлдү. Россия жетекчиси Японияга эки күндүк сапар менен барган
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп рэпер Канье Уэст менен Нью-Йорктон жолугушту. Шайлоодон кийин ырчы Трампты колдой турганын айтып, 2020-жылы президенттикке талапкерлигин кое турганын билдирген
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттик визит менен Индия Республикасына учуп келди. Визит маалында Мамлекет башчысы Индия Президенти Пранаб Кумар Мукержи, Индия Вице-президенти Мохаммад Хамид Ансари, Индия Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугат жана кыргыз-индия бизнес форумга катышат