Ураган шахтанын алдында калган адамдардын бири Дамирбек Канатбековдун жамбаш сөөгү майдаланып кеткенин, ал эми Дайырбек Байыскулов акырындык менен басып калганын оорукананын башкы дарыгери Алмазбек Мырзасапаров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
"16-декабрь күнү биздин ооруканага биринчи жабырлануучу Дамирбек Канатбеков саат 15.00дө түшүп, хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Учурунда тиешелүү жардамды алып, эми пландык операцияга даярдык көрүлүп жатат. Ал эми экинчи жабырлануучу Дайырбек Байыскулов саат 23.00дө жеткирилди. Буттарын уранды басып калыптыр. Учурда абалы канаттандыраарлык", — деди башкы дарыгер.
Анын айтымында, бүгүн ооруканага облус губернатору, Саламатык тактоо министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча координатору келип, жабырлануучулардан кабар алышты.