Туроператорлор: казак туристтери каттоого туруу талабынан улам КРге келбей калышты

Жазылуу
Кыргызстанда беш күндөн ашуун жүргөн чет элдиктерди каттоого алуу талабы туристтик операторлордун нааразычылыгын жаратты. Өкмөт токтом долбоордун негизинде мыйзамды оңдоого убада берди. Документтин ой-чуңкурун Sputnik Кыргызстан агенттиги иликтеп көрдү.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеш октябрь айында "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизип, ал 5-ноябрда күчүнө кирди. Жаңы мыйзам Кыргызстанда беш күндөн ашуун жүргөн чет элдик жарандардын милдеттүү түрдө каттоого туруусун талап кылат. 

Горнолыжная база Каракол - Sputnik Кыргызстан
Караколдо туристтик сезон үзгүлтүккө учуроо коркунучунда турат
Документ туризм жаатында эмгектенген ишкерлердин кескин сынына кабылды. Жакында эле өкмөт жарандарынын каттоого туруу мөөнөтү көрсөтүлгөн мамлекеттердин тизмесин аныктаган токтом долбоору иштелип чыкканын жар салды. Долбоор 19-декабрда бекитилип, беш күндүк каттоодон бошотулуучу 90 мамлекеттин тизмеси бекитилет.

Бирок Казакстандын жарандарына карата каттоого туруу талабын эч өзгөртүүсүз калтыруу пландаштырылып жатат. Эскерте кетсек, кыргызстандыктар Казакстанда каттоосуз беш күн жүрө алат. Мындан улам өкмөттүн токтом долбоорунда казакстандыктардын Кыргызстанда жүрүү тартиби да ошондой эле болуп калмакчы. Эреже Кыргызстанга иштейм деп келген казак мигранттарына тиешелүү болбойт, алар бир айдан кийин гана каттоого турууга укуктуу.

Sputnik Кыргызстан учурда күчүнө кирген мыйзам туристтик чөйрөгө жана казакстандык туристтердин агымына кандай таасир берерин иликтеп көрдү. 

© Фото / Азамат АйтбаевДемейде жык-жыйма болуп турган эс алуучу жай учурда каңгырап бош турат
Туристический сезон в Караколе - Sputnik Кыргызстан
Демейде жык-жыйма болуп турган эс алуучу жай учурда каңгырап бош турат

Ай караган текедей болуп…

Акыркы жылдары Кыргызстанда эс алуунун кышкы түрлөрү жакшы өнүгүп, Каракол көпчүлүктүн сүймөнчүк жерине айланууда. Шаардагы "ЭниРЕСТ" мейманканасынын жетекчиси Елена Васильева эс алуучулардын көбү — казакстандык туристтер экенин, адатта алар август айынан баштап номерлерди алдын ала ээлей турганын айтып берди. 

"Бирок аталган мыйзам иштей баштагандан бери казакстандыктардын көбү келүүдөн баш тартып жатышат. Демейде декабрдын ортосунда мейманканабыз толуп калчу, азыр болсо 40 пайызы гана ээленген. Казакстандыктар каттоо менен баш ооруткусу келбегендиктен бул жакка келүүдөн баш тартып жатышат. Ал эми туристтердин көбү адатта тоо лыжа базасына чыгып, ошол жерде жашайт, каттоо үчүн ылдый түшүп отурмак беле", — деди Васильева.

Белогор шаркыратмасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк Global Grasshopper журналы Кыргызстанга саякаттоонун 10 себебин жазды
Анын айтымында, буга чейин туристтер кеминде бир жумага келишчү. Эми каттоо талабынан улам үч күндөн ашык убакытка келбей калышкан. 

"Досторубуздун бир тобу бул жакка келүүдөн баш тартышты. Кирешебиз эки эсеге азайып, эс алуучулардын саны эле эмес, алардын эс алуу мөөнөтү да кыскарып жатат. Каракол үчүн кыш мезгили абдан маанилүү — туристтердин агымы ушул убакытка туш келет, бизге жайында көп деле киши келбейт. Каттоосуз эле жашап жатпадык беле. Былтыр финансылык каатчылыктан улам келбей калышты эле, быйыл бийлик өзү туристтерге тоскоолдук жаратууда", — деп кейиди ишкер.

Кимдер келе алды?

"Каракол" тоо лыжа базасынын башкаруучусу Евгения Ковалева быйылкы сезондо туристтердин саны кескин кыскарып кетти дегенге макул. Негизинен Каракол менен Бишкектен келген кардарлар эле лыжа тээп жүрөт. Ал эми чет жактан келчү туристтердин көбү Кыргызстанга келүүдөн баш тартышкан.

"Түзүлгөн мындай абалдан улам бир кызматкерди каттоо иштери менен алектенүү үчүн атайын бөлдүк. Бир аз болсо да абал жеңилдеди, бирок ал өлкөгө келгендерге гана тиешелүү. Көпчүлүк туристтер Кыргызстанга келүүдөн баш тартышты. Быйыл биз башка базаларга караганда эрте иштеп баштаганыбыз менен кардарлардын саны 50 пайызга түшүп кетти. Калган базалар ачылса келгендердин саны дагы төмөндөйт", — деди Ковалева.

Горнолыжная база Каракол - Sputnik Кыргызстан
Каракол россиялыктар үчүн мыкты тоо лыжа курортторунун катарына кирди
Тоо лыжа базасынын өкүлү кардарлар кагаз толтуруу менен алектенбестен эс алууну самашарын кошумчалады. Андыктан туризм тармагандагы ишкерлер абалдан өз алдынча чыгууну чечишкен.

"Азыр конок үйлөрүнүн ээлери каттоо процедурасын жеңилдетүү үчүн бийликке кат даярдап жатат. Биз бул кайрылууга кол коебуз. Акыркы жылдары кышкы туризм өнүгүп мейманканалар курулуп жатат, бирок бизге тоскоолдуктарды да жаратышууда. Каракол бир топ өзгөрдү, эл чет элдик туристтерди тартуу боюнча бардык аракетин жумшап жатат. Азыр болсо тейлей турчу киши жок", — деп Ковалева нааразычылыгын билдирди.

Туристтердин азайышына каттоо эле өз таасирин тийгизген жок

Караколдун туроператорлор ассоциациясынын башчысы Тимур Акбашев да туристтердин саны азайганын тастыктады.

"Былтыр ушул мезгилде 2 россиялык, 3-4 казакстандык, 2-3 киши Бишкектен болуп жалпысынан 10 киши келди деп эсептесек, азыр Россиядан бир, Казакстандан 1-2 киши келген жок. Андыктан туристтердин саны 20-30 пайызга кыскарды", — деди Акбашев.

Ал өз сөзүндө туристтердин кыскарышына бир нече себептер бар экенин баса белгиледи.

Паспорт гражданина Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөгө виза алуу оңойбу? Консулдун ишеничине кантип кирүүгө болот?
"Казакстандыктар менен россиялыктардын каржы жаатындагы көйгөйү да таасирин тийгизүүдө. Россиялыктар патриоттук сезимден улам өздөрүнүн базаларына барып жатышат. Туристтердин көбөйүп же азайып турушуна башка нерселер да таасирин тийгизет. Мисалы, климат: кар жакшы жааса туристтер да көп болот, кар жаабаса туристтер да келбейт. Азыр кар орточо жаады. Ошондой эле чек арадан өтүү процесси да өз таасирин тийгизет. Акыркы себеп катары каттоого туруу талабын гана айтмакмын", — деди Акбашев.

Ал ошондой эле туристтердин бардыгы эле бирдей болбой турганын жана өкмөттүн киргизген жаңычылдыктары аларга түрдүүчө таасир тийгизерин айтты. Мисалык Алматынын тургундары дем алыш күндөрү келип кетсе, Шымкент менен Астананын жашоочулары бир жумага келет. Андыктан Кыргызстандын жумалап келчү туристтерди жоготуп алуу коркунучу бар.

Кыргызстан ким тарапта же өкмөттүн аракети Казакстанга пайдалуубу?

Акбашев каттоо талабын киргизүү кандай болгон күндө дагы Кыргызстан үчүн зыян экенин белгилейт. Ал Казакстан бийлиги акыркы кездери эли башка жакка барып эс албашы үчүн ички туризм тармагын өнүктүрүп жатканын кошумчалады.

Ал ошондой эле Казакстандын жарандарынын Кыргызстанда, Кыргызстандын жарандарынын Казакстанда жүрүү мөөнөтүн бирдей кылабыз деп атаандашуунун кажети жок экенин айтты. Себеби казак туристтери өлкө ичиндеги башка базаларга кетип калышы мүмкүн, ал эми биз үчүн жаңы кардар табуу кыйынга турат, деди ал.

Бийлик эмне дейт?

Туристтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чехиялыктарды тоногон бишкектик "сылык" уурулар конокторго акчасын кайтарып берди
Sputnik Кыргызстан агенттиги чет элдик туристтердин катталуу мөөнөтүн узартуу боюнча сунуштарга кандай аракеттерди көрүп жатканына кызыгып, мамлекеттик органдарга кайрылып көрдү.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы бул маселе Мамлекеттик каттоо кызматынын карамагында экенин билдирди. Бирок Мамкаттоо алар аткаруучу гана орган экенин айтып, бул тармактагы саясатты Тышкы иштер министрлиги карай турганын, бул маселе менен аталган ведомствого кайрылуу керектигин айтты.

Андан кийин өкмөттүн маалымат кызматына кайрылдык. Ал жактан учурда токтомдун долбоору коомдук талкууда экенин айтып, өлкөдө жүрүү мөөнөтү боюнча маселе 18-декабрдан кийин гана белгилүү болот деп ишендиришти.

Кайсыл мамлекеттин жарандарына беш күндүк каттоого туруу жоюулу мүмкүндүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0