БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги бири-бирин кайталаган бөлүмдөр жоюлат. Тийиштүү токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Аталган чечим ӨКМдин борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомство алдындагы бөлүмдөрүн кайрадан түзүү жолу аркылуу министрликти камсыздоого кеткен чыгымдарды кыскартуу жана кайталануучу функцияларды жоюу максатында кабыл алынган.
"Кайрадан түзүү ӨКМге караштуу Мамлекеттик өрткө каршы кызмат агенттигинин борбордук аппаратын ӨКМдин борбордук аппаратына бириктирүүнү, ошондой эле Бишкек жана Ош шаардык, облустук башкармалыктардын бириктирилишин карайт. Бошогон штаттык бирдиктер ӨКМдин райондук бөлүмдөрүн күчтөндүрүүгө багытталат", — деп айтылат маалыматта.
Үнөмдөлгөн каражаттар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттөн сактоочу райондук бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталат.