БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука айыл аймагына спорт комплексин куруу үчүн Ала-Бука айыл өкмөтү тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, спорт комплекс келерки жылдын 25-майына чейин курулуп бүтүшү керек. Анын курулушуна Ала-Бука айыл өкмөтү 13 миллион 410 миң 520 сом сарптоого даяр.
Тендер 9-декабрда жарыяланып, мөөнөтү 19-декабрда аяктайт.