БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Пакистанда 47 кишиси менен учак жарылып кетти. Бул туурасында РИА Новости Daily Pakistan гезитине шилтеме кылып кабарлады.
Басылманын маалыматына караганда, салондо 42 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон.
Geo TV телеканалы Жарандык авиация Башкармалыгынын жетекчисине таянып, учкуч кырсык тууралуу кабарды кеч бергенин айтты.
"Ал мезгилде учак авиадиспетчерлердин көз алдында болгон радардан жок болуп кеткен",— деди ал.
Лайнер Читрал аттуу шаардан учуп чыгып, болжол менен бир сааттан кийин өлкөнүн борбору Исламабадга конушу керек болучу.