БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бразилиялык футболчу Роналдиньо карьерасын кайрадан баштап, негизги курамы Колумбиядагы авиа ырсыктан каза болгон "Шапекоэнсе" клубуна ойноп берүүгө даяр. Бул боюнча британиялык The Daily Mail басылмасы жазып чыкты.
Кийин кырсыкка күйүүчү майдын жетишсиздиги себеп болгону аныкталган.
Рональдиньо менен биргеликте аталган клубга кирүүгө даярдыгын 2008-жылы Аргентина курамы менен Олимпиада чемпиону болгон Хуан Роман Рикельме дагы билдирди.
"Азыр абдан катаал мезгил. Мындан ары клуб биз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгүсү келсе, биз даярбыз. Биз ар дайым алардын жанындабыз, жардам берүүгө даярбыз. Бирок азыр каза болгондордун үй-бүлөсүнө жардам берүү маанилүүрөөк. Ошол себептен азыр футбол боюнча кандайдыр бир пландарды түзгөнүбүз туура эмес", — деди Роналдиньонун бир тууганы жана агенти Роберто Ассис.
36 жаштагы Роналдиньо оюн талаасына 2015-жылдын күз айларынан бери чыга элек. Ал эми 38 жаштагы Хуан Роман Рикельме карьерасын жыйынтыктаганын былтыркы жылдын январь айында жарыялаган.