БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Sputnik.Пикирлер сурамжылоосуна ылайык, европа элинин басымдуу бөлүгү мамлекети Европабиримдигинен чыгуусу үчүн референдум өткөрүүгө ыктай турганын билдиришкен. Мисалы, Италиянын 53 пайызы референдум өткөрүү керек деген ойдо. Андан кийинки орунда Франция (47%), Германия (43%), Испания (39%) жана Польша (38%) турат. Сурамжылоо Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу үчүн Ifop компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн.

Ошол эле учурда "өлкөңүздөрдө ЕБден чыгуу үчүн Британиянын мисалындагыдай референдум өтүшүн каалайсызбы?" деген суроого поляктардын 62%ы, испандардын 61%ы, немистердин 57%ы, француздардын 53 жана италиялыктардын 47%ы "жок" деген жооп беришкен. Мында референдум өткөрүүнү колдой тургандардын саны 2016-жылдын июлуна караганда өскөнү байкалат.
Сурамжылоо IFop компаниясы тарабынан 22-26-октябрь күндөрү жүргүзүлгөн. Ага Франция, Германия, Испания, Италия жана Польшадан 18 жаштан улуу 5019 киши катышкан. Алар жынысы, жаш курагы жана жашаган аймагы боюнча тең салмакта каралды.
Sputnik.Пикирлер долбоору тууралуу
Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.