БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. "Дордойдо" жайгашкан "Ак-Суу" кичи базарында чатырдын бир бөлүгү кулаган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине базарда контейнер иштеткен Суюта Ороз WhatsApp каналы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, окуя шаршемби күнү кечинде катталып, жабыркагандар болгон эмес.
"Мен бүгүн эртең менен ал жакта болдум. Базардын адмистрациясынан эч ким келген жок. Биз аларга чалсак, алар өзүңөр жасап алгыла деп жооп берип коюшту", — деди Суюта Ороз.
"Мага тиешелүү базардын бөлүгүндө кыйроо катталган жок. Ал эми берки бөлүгүндө контейнердин чатыры ураган. Бул базардын чатыры эмес, жеке контейнер ээсинин чатыры. Администрация жалпы чатыр менен гана иш алып барат", — деди Акун.
Анын айтымында, ал өзүнө тиешелүү бөлүктү карап, ремонт жасаткан.
Окуялар, чукул кырдаалдар жана маалыматтарды биздин WhatsApp-каналына жөнөтсөңүздөр болот.