БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү Бостери айылына караштуу Чолпон-Ата — Каракол унаа жолунда эки унаа кагылышканы тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Билдирмеге караганда, кырсык болгон жерде бир жаран өмүрү менен кош айтышкан.
"Lexsus-470 жана Ford үлгүсүндөгү унаалар кагышып, натыйжада 65 жаштагы Ford унаасынын айдоочусу кырсык болгон жерде көз жумган. Ал эми 40 жаштагы экинчи айдоочу жаракат алып, ооруканага жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.
Куткаруучулар унаада кыпчылып калган жарандын денесин чыгарып, Кайгуул кызматына өткөрүп беришкен.