БИШКЕК, 21-ноя — Sputnik. Бишкек шаарынын бир катар райондоруна газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы кабарлады.
Маалыматка ылайык, газ 21-25-ноябрь күндөрү Тоголок Молдо, Саадаев, Орозбеков, Витебск, Жибек Жолу, Махатма Ганди, Курманжан датка, Щербаков, Боталиев, Мариупольск, Алтай көчөлөрүндө өчүрүлөт", — деп жазылат маалыматта.
Газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу көгүлтүр отту берүү убактылуу токтотулат.