00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:54
6 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Знают ли кыргызстанцы свои права и как повысить юридическую грамотность в обществе?
08:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Өлкөдөгү адистерди даярдоо маселеси жана эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр, суроо-талаптар
09:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
«Манас» в XXI веке: как эпос сохраняет свою актуальность и чему может научить нас сегодня?
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Депозиттерди коргоо фондунун суммасы 7 млрд. сомдон ашты — дедолларизация, финансылык сабаттуулук
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Контроль и эффективность: как работают механизмы исполнения решений в Кыргызстане
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкөдөгү адистерди даярдоо маселеси жана эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр, суроо-талаптар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Эхинококкоз, альвеококкоз оорулары көбөйүп, генофондго коркунуч жаратууда
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
0 мин
Структура личности
Современная поэзия – почему стихи актуальны в любую эпоху
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
“Экинчилердин биринчисиби?” Түркиянын экономикасы
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Мониторинг бизнеса: защита потребителей или новая волна проверок?
18:07
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
4-декабрь, "Манас" күнү. Эпосту жайылтууда кандай илимий иштер жүрүүдө?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Волшебный мир книг: как литература помогает детям расти
20:06
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Эхинококкоз, альвеококкоз оорулары көбөйүп, генофондго коркунуч жаратууда
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

2008-жылкы Олимпиаданын күмүш медалы Түмөнбаевге буюрбай калды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүОлимпиада шакекчелери. Архив
Олимпиада шакекчелери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишемби күнү, 19-ноябрда Эл аралык олимпиада комитети 2008-жылкы Пекин оюндарына катышып, допинг табылган медаль ээлеринин тизмесин жарыялады.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Пекин Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн күмүш байгеге ээ болгон Виталий Рахимовдун медалы казакстандык балбан Нурбакыт Тенгизбаевге берилгенин Биргелешкен дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтында маалымдалды. 

2008-жылы Пекин шаарында болгон жайкы Олимпиадада 60 килограммга чейин салмак категориясында алтын медалды россиялык Исламбек Альбиев алса, күмүштү азербайжандык Виталий Рахимов алган. Үчүнчү орунга кыргызстандык Руслан Түмөнбаев менен казакстандык Нурбакыт Теңгизбаев ээ болгон.

Встреча олимпийцев сборной Кыргызстана в аэропорту Манас из Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
IWF Рио Олимпиадасынан Иззат Артыков менен бирге дагы үч спортчуну четтетти
19-ноябрда Эл аралык олимпиада комитети 2008-жылкы Пекин Олимпиадасына катышып, байге алган спортчулардан допинг табылганын маалымдап, алардын тизмесин жарыялаган. Анда грек-рим күрөшү боюнча күмүш байге алган Рахимов дагы бар. Анын допинг тестинен тыюу салынган дегидрохлорметилтестостерон заты табылган. 

Дүйшөмбү күнү, 21-ноябрда Биргелешкен дүйнөлүк күрөш уюму алтын медаль Альбиевде каларын айтып, экинчи орунду жарым финалга чыгуу үчүн Рахимов менен кармашкан казакстандык балбан Теңгизбаевге ыйгарылганын маалымдады.

Ал эми казакстандык балбандын күмүш медалы кытайлык Шэн Цзянга берилди. Ал олимпиадада төртүнчү орунду алган болчу.

Эскерте кетсек, буга чейин казакстандык балбан өзүнүн Facebook баракчасына допингден улам чыккан чырдан кийин күмүш медалды албай турганын жарыялаган эле. Ал медалды алуу туура эмес кадам деп эсептей турганын жазган. 

Спорт юристи Жоомарт Жолдошев медаль казакстандык балбанга туура эле берилгенин айтты. Себеби ал Рахимов менен кармашкан. Ал эми кыргызстандык балбан жарым финалга чыгуу үчүн Рахимов менен күч сынашкан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0