ЖМК: Афганистанда ИМ башчыларынын бири жок кылынды

© AP Photo / Hadi Mizban"Ислам мамлекети" террордук тобунун желеги. Архив
Ислам мамлекети террордук тобунун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Авиасоккунун натыйжасында террорчуларга таандык жардыруучу заттар, курал-жарак, ок-дары жок болгон.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Афганистандын чыгыш аймагына жасалган авиасоккудан улам "Ислам мамлекети" террордук тобуна жетекчилик кылган согушкерлердин бири жок кылынганын Khaama Press агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

Ислам мамлекети террордук уюмунун согушкерлери - Sputnik Кыргызстан
Ирак: полициянын 300 кызматкерин согушкерлер Мосулдун жанында өлүм жазасына тартты
Жергиликтүү полициянын маалыматы боюнча ИМдин Мулла Бозорг аттуу командири жана анын жети жардамчысы жума күнү кечинде Нангархар провинциясында учкучсуз учактын соккусунан көз жумган. Мындан тышкары, рейддин жүрүшүндө террорчуларга таандык жардыруучу заттар, курал-жарак, ок-дары жок болгон.

Афганистанда акыркы мезгилде кырдаал курчуп кеткени байкалат. Элет жерин басып алган "Талибан" радикалдык кыймылы ири шаарларга чабуул кое баштады. Андан сырткары, аймакка "Ислам мамлекети" террордук тобунун тассири да күчөп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0