БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Ош шаарында мектеп окуучусу айдап бараткан унаа кырсыкка кабылып, жанындагы классташ баласы жаракат алды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, окуя Кара-Суу районунун Бирлешкен айылында болгон.
"16 жаштагы окуучу бир тууган агасынын Honda Fit үлгүсүндөгү унаасын Ош шаарын көздөй айдап чыккан. Унаа кырсыкка кабылып жол четиндеги арыкка кирип кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Айдоочу баланын жаракат алган классташы Ош облустук ооруканага жеткирилди.