БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Дүйшөнбек Чоткараевди кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда Атамбаев бардык мамлекеттик бийлик жана башкаруу системасында коррупция менен аеосуз күрөшүү керектигин айтып, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы паракорчулукка каршы иштеринин эффективдүүлүн жогорулатууга милдеттүү экенин белгиледи.
Мындан улам Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы кесипкөйлүгүн көрсөтүп, паракорчулуктун алдын алууда коомчулук менен тыгыз байланышта иш алып баруусу керек деди өлкө башчы.