БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. 13-15-ноябрда өлкө аймагын ала-булут каптап, жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, тоолуу аймактардын жолдору тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
13-ноябрда күндүз бардык облустардагы абанын температурасы нөлдөн жогору болот.
Чүй, Талас өрөөндөрүндө — 17 градус жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында — 20, Ысык-Көлдө — 12, Нарында — 10 градус жылуу болот.