БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы качып кеткен айыпталуучунун сырткы келбети кандай экени, ал эмне кийип жүргөнү тууралуу маалымат берди.
Белгилей кетсек, 11-ноябрда кечки саат 17.00дөр чамасында айыпталып жаткан 21 жаштагы Р.Л. аттуу жаран тергөө экспериментине алынып келген учурда качып кеткен.
Бишкек милициясынын маалыматы боюнча качып кеткен жаран Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну болгон.
Бишкек шаардык Свердлов РИИБи изделип жаткан жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, 0312 43 32 75 телефону же 102 номери аркылуу кабарлап коюуну суранат. Купуялуулукка кепилдик берилет жана сүйүнчүсү болот.
Айыпталган адам качып кеткен бул алгачкы учур эмес. 27-февралда 27 жаштагы Азатбек Алымкулов аны коштоп жүргөн эки кишиге карабай из суутуп кеткен. Аны Аламүдүн сотундагы сот процессине алып келишкен болчу. Ал жакта кишиге кол салуу боюнча иш каралып жаткан. Башкы прокуратура Алымкуловду кайтарган күзөтчүлөр аны менен чогуу ичимдик ичип, кыздар менен саунада эс алышканын маалымдаган. Кылмышкер менен чогуу эс алган кызматкерлер камакка алынып, 600 миң сом айыпка жыгылган.
Чүй ИИББдин маалыматына ылайык, 1989-жылы туулган Азатбек Алымкулов Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. Ал эки апта кош бойлуу аялча кийинип, жашынып жүргөн.