БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Бишкектин бир катар бөлүктөрүнө беш күнгө чейин газ берилбей турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, газ берүү 14-18-ноябрь аралыгында токтотулат.
"Горький, Байтик баатыр көчөлөрү менен Чоң Чүй каналы менен Аламүдүн дарыясынын аймагында газ берүү убактылуу токтотулат", — деп айтылат маалыматта.
Ишкана газ берүү оңдоо иштеринен улам убактылуу токтотуларын белгиледи.