БИШКЕК, 8-ноя.— Sputnik. Бишкектин "Дордой" командасы Алматы шаарында өткөрүлгөн футбол боюнча эл аралык балдар турниринде үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайты маалымдады.
Мелдешке жалпысынан сегиз команда катышкан. Биринчи оюнда дордойлуктар Усть-Каменогорсктун "Алтай" командасын 6:1 жана Петропавлоск шаарынын "Кызыл-Жар" командасын 6:0 жана эсебинде жеңген. Ал эми "ЦСКА Баганашилу" футболдук тобунан 1:2 эсебинде жеңилип калган.
Жарым финалда "Дордой" Павлодардын "Иртыш" командасына 4:5 эсебинде жеңилип, Астананы 2:1 эсебинде артка калтырган.