БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. 4-ноябрда саат 21:15 чамасында Бишкек — Ош унаа жолунда Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде түндүк тарабынан жүк ташуучу автоунаанын тормозу кармабай үч жеңил машинаны (BMW, Honda Stepwgn жана Subaru) сүзүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Анын кесепетинен BMW үлгүсүндөгү машинанын ичиндеги беш кишинин төртөө каза болуп, бирөө жаракат алган. Акыркы маалыматтар боюнча анын экөө кичинекей балдар экени белгилүү болду. Учурда аталган унаа ичиндегилердин туугандык байланышы такталып жатат.
ӨКМ буга чейин аталган жол кырсыгынан эки киши каза болгонун маалымдаган болчу.
Ошондой эле жүк ташуучу унаанын ичиндеги эки киши жеңил жаракат алышкан.
Кырсык болгон жерде ӨКМдин куткаруучулары Тез жардам кызматкерлери менен биргеликте куткаруу иштерин жүргүзүшкөн. Жайыл райондук тез жардам кызматынын кызматкерлери жабыркагандарды Кара-Балта шаардык ооруканасына жеткирген.
Куткаруучулар атайын шаймандар менен BMW үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги эки адамдын сөөгүн чыгарып, укук коргоо органдарына тапшырып беришкен. Учурда убактылуу коюлган чектөө алынып, автоунаалар тоскоолдуксуз өтүүдө.