БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бүгүн таңкы саат төрттө Токтогул районунда жол кырсыгы катталып, тогуз жүргүнчүнүн бирөө каза болгонун ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя Бишкек — Ош унаа жолунун 304-чакырымында болуп, мында Honda Stepwgn менен "Жигули" унаасы кагышып кеткен.
Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар каза болгон адамдын сөөгүн чыгарып, жабырлануучулар Токтогулдагы ооруканага жеткирилген.