БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ош облусуна бир күндүк жумушчу сапары менен келгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жээнбеков Ош облусундагы Кара-Суу районунун Жоош айылындагы орто мектептин ачылышына катышып, "Мал чарбачылыгын жана рынокту өнүктүрүү – 2" долбоорун ишке ашыруу алкагында жайлоо пайдалануучулар бирикмелерине гранттык көмөк алууга сертификаттарды тапшырат.
Ошондой эле мамлекеттик жана коомдук ишмер Бекмамат Осмоновдун 70 жылдыгына арналган иш-чарага катышат.