БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Түркиянын Диярбакыр шаарында болгон жардыруудан КР жарандары жабыркабаганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Белгилей кетсек, 4-ноябрда Түркиянын түштүк-чыгышында Диярбакыр шаарында жарылуу зат салынган автоунаа жарылып, андан сегиз киши каза болгон.
Мерт кеткендердин арасында экөө полиция кызматкери. 100дөн ашык киши түрдүү жаракаттарды алган.