БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Instagram тиркемесинин chyngyz0105 аттуу колдонуучусу өрттөнгөн бойдон айыл аралап бараткан фуранын видеосун баракчасына чыгарды.
Окуя болжол менен Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Нариман айылында болгон.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына маалымат тактала электигин билдирди.
"Окуя боюнча бир дагы адам расмий арыз менен эч бир органга кайрылбаптыр. Ушул себептен маалыматты тактоо кыйындык жаратып жатат. Окуя Нариман айылында эмес, Жалал-Абадда да болуп калышы ыктымал", — деп билдирди Ашырбаев.
Ал учурда милиция кызматкерлери окуянын кайсы жерде болгонун иликтеп жатканын кошумчалады.