БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы Тез жардам станциясынын имаратына жылуулук берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
"Тез жардам станциясындагы 50 метрлик жылуулук кууру алмаштырылып, кечээтен тарта Тез жардам станциясына жылуулук берилди", — деп айтылган маалыматта.
Мындан сырткары, 24-25-октябрь күндөрү шаардагы №17, №14 орто мектептерге жылуулук берилген.