БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы массалык мушташ тууралуу үч жаран арыз жазды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдирди.
Эске сала кетсек, буга чейин аталган массалык урушуунун видеосу жарыяланган.
"28-октябрь күнү үч жаран арыз жазып, белгисиз бирөөлөр түн оокумда кол салганын айтышты. Арыз жазгандардын экөөсү 21, үчүнчүсү 31 жашта", — деп жазылат маалыматта.
Жабырлануучулар соттук медициналык экспертизадан өткөн соң кылмыш ишин козгоо чарасы көрүлөт.
Бишкектеги массалык мушташтын кадрларын Sputnik видеосунан көрүңүздөр>>