Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Moto соода борборунун алдында массалык мушташ болду. Күбөлөрдүн айтымында балдар бейшембиден жумага караган түнү мушташкан. Видеодо алты адамдын урушуп жатканын көрүүгө болот. Анда бирөөсү каттуу соккудан улам эсин жоготот. Андан соң катышуучулардын саны өсүп, уруш күчөгөнү байкалат.
Ал эми Бишкек ШИИБ аталган окуя тууралуу маалымат жок экенин билдирди.