БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Индиядагы таштанды өрттөлүүчү жайлар дүйнө жүзүндөгү эң уулуу жер болуп, андан чыккан түтүндөн көптөгөн уулуу заттар бөлүнөрүн экологдор тастыкташты. Бул тууралуу Atmospheric Environment журналы жазганын РИА Новости билдирди.
Окумуштуулардын айтымында, жер жүзүндө жашаган адамдар жылына эки миллиард тоннага чукул суюк жана коюу таштанды чыгарат. Анын көпчүлүк бөлүгү таштанды жайларында өрттөлөт.
АКШнын Дарем шаарындагы Дьюка университетинен Хайди Врилэнд Индияда кырдаал тескерисинче экенин айтат.
"Индиянын кайсы көчөсүнөн өтпө, ири көлөмдөгү таштанды жатканын байкайсың. Алар өрттөйлмөйүнчө тура берет. Ал тургай Бангалор сыяктуу чоң шаарларында да ушундай көрүнүшкө күбө болосуң", — деди Врилэнд.
Экологдор Индиянын тургундарына ууландырган затты төмөндөтүү үчүн эң жөнөкөй чараларды колдонуу керектигин айтышты.
Ал үчүн биринчиден, таштандыны дароо өрттөө керек, экинчиден кагаз жана желим таштанды күйүп бүткөн учурда гана өрттү өчүрүү керек дешет.