БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандын түштүк аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирегенин Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө 24-октябрда саат таңкы 4:32да болгон. Анын очогу Тажикстанда катталып, Кыргызстандын Кара-Тейит айылынан 20 чакырым түштүк батышта, Карамык айылынан түштүк-батышты карай 22 чакырым, Баткен шаарынан 108 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 168 чакырым түштүк-батышта орун алган.
Кара-Тейит, Карамык айылдарында үч балл, Куучу, Жар-Башы айылдарында 2,5 балл болгон.
Эскерте кетсек, 23-октябрда дагы Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.