БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Фидердеги көйгөйдөн улам Бишкек шаарынын чок ортосу бир сааттай жарыксыз калды.
Бөлүштүрүүчү компаниянын маалыматына ылайык, "Центральная – 6" көмөк чордонунан тараган фидерлердин (камсыздоочу линия) бирөө авариялык түрдө өчкөн.
"Тоголок Молдо, Киев, Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварынын аймагы жарыксыз калган", — деп "Түндүкэлектр" ААКтын маалымат кызматы билдирди.
Учурда оңдоо иштери улантылууда.