БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев КСДП фракциясы коалициянын тагдырын өз билгениндей чечип жатат деп айтканын фракциянын катчылыгы билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов көпчүлүк коалициядан чыгуу тууралуу чечим фракция жыйынында кабыл алынганын маалымдаган.
"Иса Өмүркулов коалициядан чыгуу себебин "Өнүгүү — Прогресс" фракциясы менен болгон позициянын келишпестигине шылтады. Мен эскертип кетким келет, парламенттин ар бир депутаты өзү туура деп эсептеген добуш берүүгө укуктуу – бул конституциялык норма. Башкача айтканда, пикирлердин ар кандай болушу демократиянын жана парламентаризмдин өзөгүн түзөт", — деди Төрөбаев.
Ал ошондой эле эгерде ал жетектеген фракция оппозицияда калса да бул багытын өзгөртпөй турганын билдирген.