БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Коргоо министрлиги МИ-8МТВ үлгүсүндөгү тик учакты оңдотуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда министрлик оңдоо иштерине 25 миллион 411 миң 425 сом сарптоого даяр.
Тендер 20-октябрда жарыяланып, мөөнөтү 10-ноябрда аяктайт.