Бакиевдердин мүлкү, MegaCom жана ууланган ун боюнча эки депутаттык комиссия түзүлдү

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКачкын президент Курманбек Бакиевдин архивдик сүрөтү
Качкын президент Курманбек Бакиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки депутаттык комиссиянын бири ууланган унду изилдесе, экинчиси Бакиевдердин тегерегиндеги мүлктөрдү иликтемей болду.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Ууланган ун, MegaCom, Бакиевдердин мүлкү тууралуу изилдөө үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлгөнүн парламенттин маалымат кызматы билдирди. 

Аталган чечим Жогорку Кеңештин 20-октябрда өткөн отурумунда кабыл алынып, ууланган унду изилдөөчү депутаттык комиссияга беш фракциядан 11 депутат мүчө болуп кирди. 

Качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт: доону чакыртып алуу Максим Бакиевден Англия сотунда утулду дегенге жатпайт
Ал эми 2010-жылдагы морадерчулукту, банк ячейкаларын талап-тоноо фактыларын, "Альфателеком" ЖАКы (MegaCom), "Бишкек мунай компаниясы" ЖАКынын мүлкү, "Кыргызтелеком" ААКсы көрсөткөн интернет кызматтарынын тарифтеринин негизсиз көтөрүлүшү, Курманбек Бакиевдин тегерегиндеги адамдарга (Максим Бакиев, Алексей Ширшов, Алексей Елисеев) мурда тиешелүү болгон MegaCom, "Дастан ТНК", "Азия универсал банкы", "Кыргызкөмүр" АКсы жана Кадыржан Батыровго мурда тиешелүү болгон улутташтырылган мүлктөрдү сатуудагы маселелерди териштирүү боюнча депутаттык комиссияга дагы 11 депутат мүчө болду. 

Аталган комиссияларга "Бир бол" фракциясы кеңешип туруп, мүчөлөрүн кийинчерээк сунуштамай болду. 

Эске сала кетсек, "Вечерний Бишкек" гезити эл өкүлдөрү Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовдун Максим Бакиевге таандык болгон оффшордук компанияларда үлүшү бар экенин жазып чыккан. Аты аталган депутаттар Southfield Management Inc. компаниясынын миноритардык акционерлери экени белгиленген. Материалдын авторунун белгилешинче депутаттар өз үлүштөрүн оффшордук компаниянын "Альфа Телеком" ишканасына болгон укуктарын калыбына келтирип бергени үчүн алган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0