БИШКЕК, 21-окт. – Sputnik. Америкалык актриса Анжелина Жоли ФБР агенттерине жолдошу Брэд Питт жана 15 жаштагы уулу Мэддокс экөөнүн урушу тууралуу үч сааттай маек курду. Бул тууралуу ТМZ басылмасы билдирдигенин РИА Новости сайты маалымдайт.
Жалпыга маалымат каражаттарына актердун балдарына орой мамиле кылганы тууралуу билдирүүлөр байма-бай жарыяланып кеткендиктен, ФБР иликтөөлөрүн жүргүзө баштаган.
ФБР кызматкерлери шейшемби күнү Анжелина Жолинин Малибудагы үйүнө барып, окуя тууралуу балдарынан жана өзүнөн толук маалымат берүүсүн суранган.
Анжелина Жоли "жубайлардын ортосундагы пикир келишпестиктен" улам ажырашууга документтерин тапшырган. Ошондой эле ал соттон алты баласын тең өзү менен калуусун өтүнгөн эле.
Бред Питт жана Анжелина Жоли Голливуддун эң мыкты деген, кымбат турган актерлорунун бири. Алар көп жылдардан бери чогуу жашап жүрүп, 2014-жылы баш кошкон. Түгөйлөр көп балалуу бактылуу үй-бүлөнүн символу деп эсептелинчү.