БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Балыкчы шаарында 18-19-октябрда болгон катуу шамалдан 9 турак жай, 5 мектеп, 3 бала бакча жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, бардыгы болуп шамалдан 222 шифер сынган.
Эскертсек, катуу шамалдан Балыкчы шаарына жакын жердеги Сары-Камыш айылында 40тан ашык бак кулаган.