Элибизде өзү өлсө да, өнөрү өлбөйт деп айтылат. Журналист Гүлдана Талантбекова кыргыздын чолпон жылдызы тууралуу кызыктуу фактыларды даярдады.
Бала комузчу атка конгон. Нурак Абдырахманов 1947-жылы 19-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында туулган. Атасы Абдырахмандын таасири менен 6 жашында комуз чертип, Тоголок Молдо айылында, кийинчерээк Ак-Талаа аймагында "бала комузчу" деп атала баштайт. Себеби, 12 жаш курагында айылдык комузчулардын черткен күүлөрүнөн сырткары Карамолдо, Ыбырай, Атай, Токтогул сыяктуу алп комузчулардын патефонго жазылган 40тан ашык күүлөрүн үйрөнүп, ар кандай концерт-салтанаттарда, сахналарда аткара билген.
Эмгек жолу. Ал окуу жайды 1967-жылы бүтүрүп, эмгек жолун өз айылындагы клубдун башчысы болуп иштөөдөн баштайт. Маданият үйүнүн алдында комузчулар ансамблин, драмалык коллектив, хор коллективи жана эстрадалык ансамблди камтыган "Шаттык" аттуу өздүк көркөм чыгармачылык ийримин түзөт. Тез эле "Сайра комуз", "Тогуз кайрык", "Эл чыгармачылыгы" сыяктуу телесынактарга катышып, республикалык деңгээлде дайыма биринчи орундарды жеңип алып турган. 1974-жылдан баштап Ак-Талаа райондук балдар музыкалык мектебине мугалимдик, кийинки жылы директорлук кызматка дайындалат. 1976-жылы балдар музыкалык мектептеринин республикалык конкурсунан баш байгеге ээ болуп, Маданият министрлигинин "Ардак грамотасы" менен сыйланат. 1982-1986 жылдары Аламүдүн райондук маданият үйүнүн директору. 1987-жылы "Камбаркан" ансамблине ырчы-солист болуп кабыл алынган.
Күү жаратуучу. Алгачкы "Кулунчак", "Ата мурасы" күүлөрүн жаратат. Ага катар "Соң-Көл", "Улуу тоолор" деген чыгармаларын сунуштап, күүчүлүккө ишенимдүү кадам таштайт. Анын аткаруусунда элге белгисиз эң эски элдик күү, ыр-обондордон баштап ХХ кылымдын башында жашап өткөн Боогачы, Сыртпай, Сооронбек, Кашкаары, Атай, Муса, Калмураттардын чыгармалары элдин рух дүйнөсүнө жаңы дем менен тартууланып, сенсация жараткан. Өзү жараткан "Улуу тоо" күүсү жөнүндө төмөнкүчө баяндап айткан. "Кыргыз эли тоону ата-энебиздей көрөбүз. Тообуз жок болсо өзүбүздү талаада калгандай сезебиз. Бул күүнү кыргыздын тоолоруна таасирленип жазгам" деп айтканы бар.
Комузчу-аткаруучу. Кара Молдо, Ыбырай, Ниязаалы Борош уулу, Токтогул Сатылганов, Музооке, Болуш Мадазимов, Чалагыз, Шекербектин күүлөрүн, Сартбай, Муса, Атай, Боогачы, Жумамүдүн, Бектемирдин ырларын өзгөчө чеберчиликте аткарган.
Эмгектери. Нурак Абдрахмановдун аткарган жана чыгарган күүлөрүн даңазалаган эмгектеринен эң алгачкы жолу 1985-жылы "Комузчу Нурак Абдрахманов" деген аталыштагы грампластинка чыккан. 1987-жылы "Нурак Абдрахманов ырдайт" деген грампластинка, 1995-жылы Японияда, 1997-жылы Франциянын "ОКОRA" мамлекеттик радиосу тарабынан, 2001-жылы АКШда жана 2000-жылы Чехияда альбомдору чыгарылып, дүйнө элдерине уктурулуп жатат. Андан сырткары, 2009-жылы "Нурактын күүлөрү" деген аталыш менен анын чыгарган чыгармаларынын арасынан 17 залкар күүсү нотага түшүрүлүп, өзүнчө көлөмдүү китеп болуп чыккан.
Музыкадан сырткары. Музыкалык багыттан сырткары тарых менен алектенип, көп жылдык изилдөөлөрдөн соң "Улуу баян" аттуу 600 беттик тарыхый эссе китеби 2007-жылы жарыкка чыккан.
Уста катары. темир комуз, комуз, кыл кыяк жасап, эр чаба билген.
Сыйлыктары. СССРдин жана Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты. 2001-жылы Самарканд шаарында ЮНЕСКО тарабынан уюшулган Салттуу ырлардын (Шарк Тароналары) эл аралык конкурсуна катышып, атайын байгесин жеңип, "Салттуу музыканын устаты" деген сертификатын алган.
Нурак Абдрахманов узакка созулган оорудан улам 2014-жылы 26-майда жалган дүйнө менен кош айтышкан.