Юрист: 70 миң сом калыңды кызына алдатып жиберген бала акчаны кайтаруудан баш тартты

CC BY-SA 2.0 / Wyatt Fisher / CouplesКак устроить ссору, чтобы улучшить жизнь
Как устроить ссору, чтобы улучшить жизнь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрт айдан ашуун сүйлөшүп жүргөн кыз-жигит баш кошууну чечишкен. Жигиттин ата-энеси куда-сөөгү менен сүйлөшкөндөн кийин болочок келининин ата-энесине 70 миң сом карматкан.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Калыңы үчүн берилген 70 миң сомду алган кыз дайынсыз качып кеткен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Импера групп" ишканасынын юристи Эмил Жапакбаев билдирди. 

Анын айтымында, окуя Ош шаарында болгон. 

"Жалал-Абаддык 26 жаштагы жигит Оштун 22 жаштагы кызы менен төрт айдан ашуун сүйлөшүп жүргөн. Анан баш кошууга белсенишкенде жаштардын ата-энеси жолугуп, бала тараптан кыз тарапка 70 миң сом берилген. Андан соң кыз телефонун өчүрүп, дайынсыз жоголгон. Эки айдай байланыша албаган жигит кыздын ата-энесине барган", — деди Жапакбаев. 

Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Жети облустагы калыңдын баасы кандай?
Юрист бала кыздын ата-энесине барганда алар кызынын ооруканада экенин айтып, дарегин бербей койгондугун кошумчалады.

"Кыз ооруканадамын деген шылтоо менен дагы эки айдай убакыт созгон. Аягында ата-энеси кызын таба албай жатканын айтып, колдорунан эч нерсе келбей тургандыгын билдирген. Ошондон кийин жигит бизге кайрылган", — деди ал. 

Жапакбаев юристтер тарабынан арыз даярдалган учурда кардары кайра баш тартканын айтып, ачыкка чыгууну каалабагандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0