БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкек менен Ош шаарларынын айрым жерлеринде газ өчүрүлө турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, көгүлтүр от 17-18-октябрь күндөрү Бишкектин Суванбердиев, Белоруссия, Скрябин жана Кара-Дарыя көчөлөрү менен чектешкен аймагына, ал эми бүгүн, 14-октябрда Оштун "Ак тилек", "Кулатов" жана "Төлөйкан" кичи райондоруна берилбейт.
Ишкана мындай аракеттер газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу экенин белгилейт.