Шаардык №3 балдар ооруканасынын кире бериши оңдолууда

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖол белгиси. Архивдик сүрөт
Жол белгиси. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруканага келгендер эми бир ай бою Байтик баатыр көчөсү тарабынан киришет.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Тыныстанов көчөсүнүн Суеркуловдон Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолуп жатканын Бишкек мэриясынан билдиришти.

Жалпысынан 570 метр жол оңдолот, анын туурасы 7,5 метрге жетет.

Маршруттук такси. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
"Аялдамага барабыз" кыймылынын активисттери мэриянын колдоосуна ээ болду
Мындан улам балдардын үчүнчү ооруканасынын кире бериши жабылды. Ооруканага келгендер эми бир ай бою Байтик баатыр көчөсү тарабынан киришет.

Ондоо иштери 10-ноябрга чейин аяктайт.

Ошондой эле 11-октябрдан тарта "Бишкекасфальтсервис" ишканасы №12 кичи районундагы жолду капиталдык оңдоону баштады. Анын узундугу 540 метрди түзөт. Оңдоо иштери Жетикашакаева көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейинки бөлүктө жасалууда.

Жумабек көчөсүнүн Эркиндик бульварынан тарта Абдрахманов көчөсүнө чейинки 300 метр жери оңдолууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0