БИШКЕК, 11-окт — Sputnik. "Тилектештик — Солидарность" жарандык кыймылы 2017-жылды Тазалык жылы деп атоо сунушу менен президентке кат жолдоду.
Катта өлкө башчы ар убак тазалыкка чакырып келгендиги айтылат.
"Биздин демилгени колдоп, 2017-жылды тазалык жылы деп белгилөөңүздү өтүнөбүз. "Таза Кыргызстан үчүн" лозунгу 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоого дагы дал келет", — деп айтылат маалыматта.
Активисттер бул демилгени ишке ашыруу үчүн көп деле чыгым кетпей тургандыгын айтып, шаарлар, айылдар арасында тазалык боюнча сынак жарыялоо керектигин белгилейт.