00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:30
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:35
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:10
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар. Өлкөдө 10:15. Куран кармаган Аскаров, чырылдаган Чынара Бечелова

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин ТЭЦи. Архивдик сүрөт
Бишкектин ТЭЦи. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыбаңыз, мекендеш. Агарып аткан таңды көргөнүбүзгө курсантпыз.

Күн чубактай алабыз. Бүгүн өлкө боюнча күндүн көзү ачык болуп, Бишкек жана Ош шаарларында абанын температурасы 20…23 градус жылуулукка көтөрүлөт экен

Окшоштугу оозду ачырат. Бир аз маданияттуураак болгонго аракет кылып, маданий кабарлардан баштайлычы. Сакадай бою сары алтын, миллиондогон саптарды көкүрөгүнө батырып келген атактуу Саякбай Каралаев боюнча көркөм тасма тартылып бүттү. Буюрса, аны келерки жылы көрүп калабыз. Айта кетүүчү нерсе, актер Марат Жанталиев улуу манасчыга ушунчалык окшошуп калгандыктан, бир таңгалып аласыз. 

Куран кармаган Аскаров, чырылдаган Чынара Бечелова. Кечээки күн бир топ адамдарга кайрадан июнь трагедиясын эстетти. Аталган окуяга байланыштуу эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун соту башталды. Калчылдаган колуна Куран кармаган Аскаров "балдарымдын күнүн көрбөй калайын, Куран урсун, ал жерде болгон жокмун" деп кыйкырды сот залынан. Күбөлөр "бар болчусуң" десе, ошол кезде курман болгон милициянын аялы көзүнөн жаш куюлуп "көргөндөр айтып жатпайбы, кантип танасың" деп чырылдады

Курттаган ундар эми аткаминерлерди кууратат окшойт. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду курттаган унду сатып жаткандыгын айткан ЖК депутаты Жыргалбек Турускулов буга чара көрүүнү сунуштаса, аталган ишкана андай эмес деп танды. Анткен менен депутат видеого тартылган фактыларды коомчулукка көрсөттү. Эми ишти кыязы, прокуратура карайт өңдөнүп калды… 

Балдарды башка жетелеген чоңдор, уят! Социалдык тармактарда чоң эле кишилер болжол менен 8-9 жаштагы тестиер балдарды канжалата мушташтырып жаткан видео тарады. Уят эле…

Курган кыз, ай… "Ош нуру" мейманканасына жигити менен барган кыз жетинчи кабаттан кулап каза болгон кабар тарады. Милиция "жигити чыгып кеткенден кийин ичимдик ичүүнү улантып, кыз жетинчи кабаттан кулап кеткен" деп билдирди. Өлгөндүн артынан көмгөн болуп… Курган кыз ай, абайласаң болмок экен, эми артыңда калган ата-энең кантти экен дедим ичимден. Жаткан жериң жайлуу болсун! 

Адам бололу! Бишкек мэриясы айдоочуларды Тез жардам унааларына жол берүүгө чакырган билдирүү таратты. Мааниси "адам болгулачы, кээде өмүр менен өлүмдүн ортосунда оорулууну алып бараткан учурда жол талашып, жанталашпай Тез жардамга жол бергилечи" деген сөз. Ошентеличи, көп болсо бир нече ирмем же 1-2 мүнөт… Акылдуусунгум келбейт, мен да жакында бир ирет "адам" болбой, жол бошотпой кеткем, бирок капыстан… Экинчи антпейм… Силер да антпегиле, бурадарлар… 

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.97 (сатып алуу) жана 68.11 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38.50 сом, ал эми дизель майы 31 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Бирөө өлмөйүн, бирөө күн көрбөйт…

Иш аптаңыздарды ийгилик коштошун каалап, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0