Эртең өлкөдө жылуу аба ырайы сакталат

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Шаршембиде өлкө боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы 20…23 градус жылуу болот.

Нарын облусунда жана Чуй, Ысык-Көл, Талас облустарынын тоолуу райондорунун айрым жерлеринде жаан-чачын күтүлөт, калган аймактарда жаан жаабайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0