БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. "Ош нуру" мейманканасына жигити менен барган кыз жетинчи кабаттан кулап каза болгондугун Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда кыз жигити менен социалдык түйүн аркылуу таанышкан.
"20 жаштагы кыз 3-октябрь күнү саат 17:50 чамасында мейманканага кирип спирт ичимдигин ичишкен. Ортодо чыр чыгып кыз жигитин кубалап жиберген. Ал кеткенден кийин ичимдик ичүүнү улантып жетинчи кабаттан кулап кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Тез жардам кызматынын унаасы кызды шаардык ооруканага алып барганы менен жардам көрсөтө албай калган. Экспертизанын алдын ала жыйынтыгы кыздын ички органдарынын эзилип кеткенин көрсөткөн.
Маркум Кара-Суу районунун, ал эми жигит Өзгөн районунун жашоочусу экендиги аныкталды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.