БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алып, өлкөдөгү коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулукка каршы жүргүзүлүп жаткан аракеттер тууралуу кабардар болду.
Өлкө башчынын маалымат кызматынын айтымында, министр президентке ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун арттыруу жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берип, милиция кызматкерлери үчүн салынып жаткан турак жайдын курулушунан маалымат берди.
Атамбаев ички иштер органдары мыйзам бузуулардын алдын алуу иштерин күчөтүүсү керектигин белгилеп, жол кырсыктарын азайтуу боюнча кескин чараларды көрүү зарылдыгына токтолду.