"Саякбай" тасмасы кийинки жылдын март айында элге тартууланат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Саякбай манасчы" коомдук фондунун төрагасы Самат Ибраев билдирди.
Улуу манасчынын өмүрү менен өнөрүн баяндаган тасма баштан аяк Саякбай манасчы менен атактуу Чыңгыз Айтматовдун маегинен, эскерүүлөрүнөн турат.
"Биздин фонд улуу манасчы Саякбай Каралаев атабыз тууралуу тасма тартууну ниеттенген эле. Буюрса демилге ишке ашып, тартуу процедуралары бүтүп калды. Алдыда монтаж иши турат. План боюнча 2017-жылдын март айында элге тартуулайбыз. Тасманын көпчүлүк бөлүгү атабыздын төрөлгөн жери Тоң районунда тартылды. Максатыбыз Саякбай Каралаевдин талантын ачып көрсөтүү", — деди Ибраев.
Ал аталган тасмага 100 миллион сом жумшалганын кошумчалады.