БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Mister Universal Ambassador — 2016 сынагында КР атынан Нурсултан Айталиев чыгып "Чоң үмүт берген модель" титулун жеңип алганы сынактын расмий сайтына жарыяланды.
48 мамлекеттен барган катышуучулар 10 күн бою "эң сулуу" жана "эң дипломаттуу" наамдары үчүн ат салышты. Натыйжада Mister Universal Ambassador титулунун жеңүүчүсү болуп 24 жаштагы сербиялык Алекс Гаврилович атыкты. Ал эми алдыңкы үчилтикке Вьетнам, Перу жана Доминикан республикасынын өкүлдөрү кирди. Кыргызстандык катышуучу "Чоң үмүт берген модель" сыйлыгына татыктуу болуп кайтты.
Нурсултан Айталиев жергиликтүү моделдик агенттиктердин биринде директор болуп эмгектенет. Ал Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде стилист-дизайнер кесиби боюнча билим алууда.
Эркектер арасындагы Mister Universal Ambassador эл аралык сынагы быйыл экинчи жолу өтүп жатат. Ал эми Кыргызстан ага биринчи жолу катышты.